Бишкекте "Айылдык келин Алёнка" тасмасы көрсөтүлүп, андагы актёр, актрисалар төш белгилер менен сыйланышты

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектеги кинотеатрлардын биринде режиссёр Ырыс Жоомартованын "Айылдык келин Алёнка" тасмасынын бет ачары болуп өттү. Комедия жанрындагы тасманы көрүүгө фильмдин эмгек жамааты, маданият өкүлдөрү, шаар тургундары келишти.

Фильмде Бурул Асакеева, Жоробек Аралбаев, Ырыс Жоомартова роль жаратып, баш каармандын ролу ырчы Айбек Бакытбеков менен 11-класстын окуучусу Алина Балабинага берилген. Залды күлкүгө бөлөгөн кинокомедиянын узактыгы 105 мүнөткө созулуп, тасма көрсөтүлүп бүткөн соң актёр, актрисалар төш белгилер менен сыйланышты.

Алсак, Ырыс Жоомартовага "Асылзат" коомдук фондунун атынан "Эл сыймыгынын ээси", ырчы Айбек Бакытбековго "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды. Ал эми Алина Балабина "Асылзат", Бурул Асакеева "Насаатчы", Жоробек Аралбаев "Кыргызымдын мыкты жигити" деген төш белгилери менен сыйланышты.

Аталган кинокомедиянын режиссёру Ырыс Жоомартова тасма тууралуу буларга токтолду:

"Бул менин "Шаардык келин Шарапаттан" кийинки Суусамырда тартылган экинчи эмгегим. Суусамыр менин туулган жерим болгондуктан, тасма айылда тартылды. Бул фильм менен улут аралык бөлүнбөө керектигин баса белгилеп, келин менен кайнененин ортосундагы мамилени чагылдыргым келди".

Фильмде орус улутундагы Алёнка айылдык Айбек аттуу жигитти сүйүп калат. Бирок жигитте ага болгон сезим жок эле. Айбек окуусун аяктап, айылга кетет. Кыргыз тилинде ырдап, манас айткан кыз айылга жигиттин артынан барат. Жигиттин ата-энеси кызды кабыл албай, апасы аны кетирүүгө аракет кылат. Окуя мындан ары курчуп отуруп, кызыктуу окуялар менен коштолот.

"Айылдык келин Алёнка" тасмасы бүгүнтөн баштап өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.

"Айылдык келин Алёнка" тасмасы көрсөтүлүп, актёр, актрисаларга төш белгилер тагылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tyka
2018-04-20 22:16:36
Жакшы кино окшойт реалдуу жашоого жакын))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан