Америкада унаа токтотуучу жайда 3 жаштагы кыз апасын атып алды

АКШнын Иллинойс штатында унаа токтотуучу жайда 3 жаштагы кыз апасын атып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, унаанын арткы орундуктарында отурган 3 жаштагы кыз унаанын ичинен таап алган тапанча менен алдыңкы орундукта отурган кош бойлуу апасын атып алган. Ок орундуктун жөлөнгүчүн тешип өтүп Шаник Томастын ийинине тийген.

"Мен денеси кан болгон кыздын унаадан түшүп жардам сурап жатканын көрдүм. Анын жанында 2 баласы бар болчу", - деп билдирген күбө Палома Прието.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Шаник Томас ооруканада, дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүүдө. Ал эми полиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын жана кыздын колундагы курал кимге тиешелүү экенин иликтешүүдө. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча үй-бүлөнүн атасы дүкөнгө соода кылганы кирип кеткен мезгилде, 3 жашар кызы анын тапанчасын унаанын ичинен таап алып апасын атып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Shokoladka94
2018-04-20 16:27:04
Сактанганды Кудай сактайт дейт да ошол учун, балдардан абайлаш керек баарын
+3
Paprikafm
2018-04-20 16:58:57
Жакшыраак катпайбы, тембооле унаада жаш бала болсо, айыгып кетсин апасы
+3
sakuna
2018-04-21 08:32:25
Иии кош бойлуу экен эле байкуш. Жаман абалда калдыгооооо Кызы оюнчук деп ойлогонго дейм.
0
sakuna
2018-04-21 08:35:37
Куноосу жок Кыз баарын олтуруптурго. Атасын соттойт, апасы олум мн курошуп жатса, ичиндегиси соо калбагандыр.
0
Rifle_I
2018-04-21 13:18:40
Пистолетти октоп , даярдап койгон атасында күнөө экен.

КР закону боюнча пистолеттин магазини чечилип, ичинде огу жок болуш керек.
0
taku1414
2018-04-21 16:12:50
Атасы шалаакы киши го. Пистолетин ар кайсы жерге ыргыта берген.
0
nurhan2702
2018-04-22 18:47:45
Куралды оюнчуктай колдонсо ошондой болот. АКШда ар бир жарандале болуш керек пистолет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан