Бокс боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз мушкерлердин атаандаштары аныкталды

Таиландда өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз мушкерлердин атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынан билдиришти.

Бангкок шаарында өтүп жаткан мелдеште жалпы 30 өлкөдөн барган 200дөн ашуун спортчу 20 салмак ченинде күч сынашууда. Ага Кыргыз өлкөсүнөн машыктыруучу Кенжебек Акелбаевдин баштоосунда 7 спортчу катышып жатат. Кыргыз спортчуларыбыз эртең, 21-апрелде беттештерин баштамакчы, ал күнү Нурадиль Рустамбек уулу жана Санжар Сейдахматов күч сынашат.

Ошондой эле аталган мелдеште 2018-жылы Аргентинада өтө турган жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына 13 жолдомо ойнотулат. Андан тышкары 117 мыкты мушкер жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна жолдомого ээ болушат.

Кыргыз мушкерлердин атаандаштары:

21-апрель:

56 килограммга чейинки салмак ченинде: Санжар Сейдахматов - Даниал Шахбакш (Иран);

69 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурадиль Рустамбек уулу - Мухаммед Нурани (Иран);

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан