Ошто өз үйүндө 4 килограмм 334 грамм баңгизатын катып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүүнү кармаган учурда жанынан 7 граммдай баңгизаты табылган. Ал Ош облусунун Араван районунда колго түшкөн.
"Кармалган адам Кара-Суу районунун 42 жаштагы У.Ш. аттуу тургуну экени аныкталды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сот анын үйүн тинтүүгө алуу чечимин чыгарып, анын негизинде жалпы салмагы 4 килограмм 433 грамм күрөң түстөгү белгисиз зат табылган. Табылган зат полиэтилен баштыкка салынып, скотч менен оролгону аныкталган. Ал атайын экспертизадан өткөрүлүп, апийим наркотикалык заты экени аныкталды", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатканы кошумчаланган.