Арсен Венгер англиялык "Арсенал" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу кызматынан кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 22 жыл "Арсеналда" башкы машыктыруучу кызматын аркалап келген 68 жаштагы Венгер 2017-2018-сезондун аягында кызмат ордун бошотот.
Арсен Венгер "Арсеналда" 1996-жылдан бери иштеп келет. Аталган клуб менен ал 3 жолу Англиянын чемпиону, 7 жолу Англия кубогун жана 7 жолу Англиянын Суперкубогун жеңип алган. Ошондой эле ал 3 жолу Англия Премьер-Лигасынын мыкты машыктыруучусу жана 4 жолу Европадагы жылдын мыкты машыктыруучусу болгон.