Бишкекте соодагерлерди алдап акчасын алып жүргөнгө шектелип 45 жаштагы аял кармалды

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери соодагерлерди алдап, акчасын алып жүргөнгө шектүү аялды кармашты. Мындай маалымат Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан бүгүн, 20-апрелде кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 4-апрель күнү милицияга борбор калаанын жашоочусу арыз менен кайрылган. Арызда: "Чала тааныш аял ишенимиме кирип, 40 миң сом акчамды алган боюнча дайынсыз болууда", - деп жазылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен иш козголуп, шектүү катары 1973-жылы туулган А.Б. аттуу аял кармалган.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган аял соодагерлердин акчасын кандай жол менен алып жүргөнү аныкталган. Ал соодагерлерге товарын тез сатып берүүнү убадалап, ишкерлердин товарын башка соода жайларга тапшырып жүргөн. Кийин алардан товардын акчасын топтоп алып, товар ээлерине кайтарбай, качып жүргөн. Учурда бул кылмышка тиешелүү башка адамдардын болгон же болбогону териштирилүүдө. Сүрөттөгү аялга алданып калгандар болсо, 0553 10 22 45, 0550 10 26 09 же "102" кыска номерлерине кабарлап коюңуздар", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
iryi1
2018-04-20 20:14:05
Алдабасан, сата албайсын.
0
Munar92
2018-04-20 21:16:03
Козун бекитпей эле койбойсунарбы Ким тааныйт аны
+1
sakuna
2018-04-20 22:49:30
Соодагерлерди алдган кандай аял экен а. Анча мынча соодагер алданбайт элего
+1
O.dembele
2018-04-20 23:29:07
козун,атын жашырбай эле койгула балким бизди да алдап кетиши мумкун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан