Бишкек шаарында Пакистандын жаранын тоноого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-апрелде Пакистандын жараны 3 адамдын үстүнөн милицияга арызы менен кайрылган. Ал арызында 7-апрелде Бишкек шаарында белгисиз адамдар күч колдонуу жолу менен "Самсунг J5" телефонун алып, дагы 14 миң сомдук материалдык чыгымга учуратканын билдирген. Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө 21 жаштагы Ш.у.М. жана А.у.И., ошондой эле 22 жаштагы А.у.Т. кармалган.
Шектүүлөр СИЗО-1ге 2 айга камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.