83 жаштагы карыя жол кырсыгынан каза болду. Аны 53 жаштагы аял сүзүп кеткенин айтып, милицияга байланышканын SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган жол кырсыгы 20-апрелде саат 20:30 чамасында Чүй облусунун Ленин айылында болгон. Анда белгисиз унаа Бишкек-Алматы жолунда түндүктөн түштүктү көздөй келе жатып карыяны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Карыя "Тез жардам" унаасы келгенче алган жаракатынан улам көз жумган.
21-апрелде Чүй облусунун Ички иштер бөлүмүнө 53 жаштагы М.А. кайрылып, 83 жаштагы адамды сүзүп кеткенин, окуя болгон жерден коркконунан кетип калганын билдирген.
Учурда тийиштүү экспертизалар тартылып, тергөө иштери жүрүүдө.