Жеңил атлетика боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону Дарья Маслова Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн жарым марафондун жеңүүчүсү атыкты.
Марафонго 15 өлкөнүн спортчулары 21 чакырым 97,5 метр аралыкта жарышка түшкөн. Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу 1-болуп 1 саат 13 мүнөт 12 секундда келген. Эркектердин арасында болгон жарышта мекендешибиз Адилет Кыштакбаев 4-орунду ээлеген.
Эске салсак, Дүйшөмбүдөгү 2017-жылы өткөн жарым марафондо Кыргыз өлкөсүнүн башка спортчусу Виктория Полиюдина жеңген.