Бүгүн, 21-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында ырчы Илгиз Абдалиевдин жеке концерти өттү. Ырчы алгачкы чыгармачылык кечесине кызуу даярдык көргөнүн айтып, атайын 3 костюм тиктиргенин да кошумчалап өттү.
"Сахнада жүргөнүмө 10 жылдан ашса да бир да жолу концерт бербептирмин. Быйыл чыгынып Бишкекте кыргыз элиме арнап алгачкы концертимди берип отурам. Толкундануу күч", - деди Абдалиев.
Концерттик кеченин башында көрүүчүлөргө таттуулардан чачыла чачылып, коноктор боорсоктон даам сызышты. Андан соң ырчы репертуарындагы ырларын катары менен аткарды. Ырчынын алгачкы чыгармачылык кечеси менен куттуктап ырчылар Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека, Данияр Эрматов келип, ыр белектерин тартуулашты. Спорт сарайдын жарымынан көбү элге толуп, концерт 2 сааттан ашык убакытка созулду.