Чүй облусундагы Ала-Арча капчыгайында мөңгүдөн кулаган альпинист ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Арча капчыгайынын Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнөн кулаган альпинист, кечээ, 21-апрелде саат 16:30 чамасында оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал учурда Бишкектеги жеке бейтапканалардын биринде дарыланууда.
Эске салсак, 20-апрелде саат 23:00 чамасында Ала-Арча капчыгайынын Жогорку Ала-Арча мөңгүсүнөн альпинист кулап түшкөнүн жаран ӨКМга кабарлаган. Кулаган адам 32 жаштагы Ж.Б. аттуу Швейцариянын жараны экени кабарланган.