Кытайдын Гуйлинь Гуанси-Чжуанск автономдук аймагында жазгы майрамга даярданып жаткан эки кайык кагышып, 17 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-апрелде жергиликтүү саат менен 13:40та болгон. Анда жазгы майрамга даярдануу учурунда башы жана этеги ажыдаарга окшош болуп жасалган эки кайык башкаруусун жоготуп, 57 адам сууга кулап түшкөн. Алардын айрымдары жээкке өздөрү сүзүп чыгышкан. Жалпысынан 40 адам куткарылган. Алардын бешөө ооруканага жеткирилип, тийиштүү жардамдарды алышкан.
Ошондой эле маалыматта кайыктар менен машыгууну уюштуруучулар жергиликтүү укук коргоо органдарынан жашырып өткөргөндүгү айтылат. Мындан улам уюштуруучулардын экөө кармалган.