Бишкек шаарында 17 жаштагы бала күч колдонуу менен калаанын жашоочусунун телефонун тартып алган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургунунан арыз келип түшкөн. Анда 15-апрелде саат 17:40 чамасында үйүнүн жанынан белгисиз адам күч колдонуу менен Самсунг Галакси А-7 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганы жазылган. Муну менен ал 20 миң сомдук материалдык чыгымга учураган.
"Кылмышка шектүү катары Т.Т. аттуу адам кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 167-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголду. Анын ушундай эле 2 кылмышка тиешеси бар экени аныкталды. Дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин териштирүү үчүн ыкчам-тергөө иштери улантылып жатат", - деп айтылат маалыматта.
ШИИББ аталган жарандан жабыр тарткандар болсо, Биринчи Май райондук ИИБине кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш үчүн телефондор: 0556 600 689: 0777 513 804: 0556 102 548.