Москвада катуу шамалдан 2 адам каза болуп, 20дан ашык киши жаракат алды

Орусиянын Москва облусунда орун алган катуу бороондон 2 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-апрелде Москва шаарында катуу шамал, нөшөрлөп жааган жаан күтүүсүздөн башталган.

"Бир заматта эле катуу шамал башталып кетти. Мен токтоп эле кол чатырымды жабуу аракетин көрдүм. Ошол учурда таштанды салынган конструкция учуп барып үч кызды кошо түртүп кетти. Кадимкидей эле аларды шамалдын багыты менен сүйрөп кетти", - деген күбөлөрдүн бири.

Кыздардын бири 12 жаштагы окуучу оор абалда ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болуп калган. Шаар бийлиги анын өлүмүнүн себеби аныктала турганын айткан. Жаратылыш кырсыгынан көз жумгандардын бири 36 жаштагы эркек киши болгон. Москва облусундагы Мытищи шаарында жолдон өтүп бара жаткан адамга курулуш үчүн пайдаланылган вагон кулап түшүп, ал жеринен көз жумган. Ошондой эле түрдүү жаракат алгандардын саны 20дан ашкан, арасында 3 айлык ымыркай да бар.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалар шамал учурунда 600 дарак кулаганын жазды. 30дан ашык үйдүн чатыры учуп кеткен. 92 унаага түрдүү зыяндар келтирилген.

Кырсыктан кийин бир катар райондор электр жарыгысыз калышкан. Мындан тышкары аэропорттун да иши үзгүлтүккө учурап, коно турган жана уча турган ондогон рейстер которулуп же убактысы жылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Benazir08
2018-04-22 16:55:05
Момун мусулман бир туугандар. Абайлап журолу талаада тынч эле болсок экен
+18
Firdaus-Muslim
2018-04-22 17:02:25
Кырсык каш кабактын ортосунда. Тилсиз жоодон Кудай өзү сактасын.
+13
jany-aryk
2018-04-22 18:24:08
кудай сактасын айтырбай келген
кырсыктардан талаада алыста иштеп
жургон туугандарыбыз тынч болушсун
+7
jany-aryk
2018-04-22 18:24:20
кудай сактасын айтырбай келген
кырсыктардан талаада алыста иштеп
жургон туугандарыбыз тынч болушсун
+1
Omurbek998
2018-04-22 18:39:48
Дворниктерге еле кыйын болуптурда
+7
Beknur10
2018-04-22 18:41:55
Катту болду туну мн дууулдап шамал болуп атты кыйкырык окурук дагы угулуп атат эле корсо
+4
samsungc3
2018-04-22 19:54:52
15 минуттун ичинделе кыйла сапырып салды.Жамгыр челектеп куйду.
0
Zainidin96
2018-04-22 19:58:24
Кырсык каш кабактын ортосунда
+2
nur_92
2018-04-22 21:38:29
Админ Москва обласы эмес Москва шаары болсо керек
-2
rejepova
2018-04-22 21:56:12
nur_92,Московский область,город Мытищи туура эле.(Подмосковье)
+4
Floweriza
2018-04-23 12:00:28
Былтырда Москвада катуу шамал болгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан