Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарында "Дордой" жана "Абдыш-Ата" командалары Топ-Лиганын 4-турунун алкагында кез келишти. Топ-Лиганын дөө-шаалары бул беттеште жеңүүчүнү аныктай алган жок. Оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталды. Султан Момунов 12-мүнөттө бурчтан чыгарылган топту "Дордойдун" дарбазасына башы менен жолдоп, "Абдыш-Ата" командасын 1:0 эсебинде алдыга алып чыкты. "Дордой" клубунун чабуулчусу Кадырбек Шаарбеков 60-мүнөттө бурчтан чыгарылган топту каршылашынын дарбазасына гол киргизип, эсепти теңдей алды.