Футзал боюнча Өлкө биринчилиги: "EREM" "Алганы" жеңип, чемпиондукту камсыз кылууга бир кадам жакындады

Кечээ, 22-апрелде Кызыл-Кыя шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын финалдык сериянын 3-беттеши орун алды. Анда 1-орун үчүн күч сынашып келген бишкектик "Алга" менен оштук "EREM" кез келди.

Беттештин жыйынтыгында "EREM" командасы 3:1 эсеби менен жеңишке жетип, чемпиондукту камсыз кылууга бир кадам жакындады. Ал эми беттештин жүрүшүндө "EREM" командасынан Адилет Култаев, Юлдашбай Салимбаев жана Улан Байгазы уулу айырмаланса, "Алга" командасы Файзали Сардоровдун голу менен жооп кайтарды.

Муну менен финалдык серияда "EREM" командасы 2:1 эсеби менен алдыга чыкты.

Айта кетсек, финалдык серияда командалар 3 жеңишке чейин беттешмекчи. Бүгүн, 23-апрелде Кызыл-Кыя шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде финалдык серия уланат. Анда "EREM" командасы "Алганын" үстүнөн жеңишке жетсе, чемпиондукту камсыздайт.

"EREM" - "Алга" - 3:1

Голдор: Адилет Култаев (3-мүнөттө), Юлдашбай Салимбаев (14-мүнөттө), Улан Байгазы уулу (25-мүнөттө) - Файзали Сардоров (34-мүнөттө).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан