Өлкө аймагында соңку жумада 22 миң 283 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Соңку жумада мас абалында 226 айдоочу унаасын башкарып бара жаткан жеринен кармалса, 2 миң 841 айдоочу жогорку ылдамдыкта айдап бара жатып кармалышкан. Ошондой эле дагы 19 миң 216 айдоочу ар кандай жол эрежелерин бузушуп, айыптар салынган. Ал эми 866 унаа айып аянтчасына токтотулган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
.