Кечээ, 22-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 4-туру жыйынтыкталды. Анда 21-апрелде "Илбирс" - "Кара-Балта", "Алга" - "Нефтчи" жана "Алай" - "Академия" беттештери өтсө, 22-апрелде "Дордой"-"Абдыш-Ата" командаларынын беттеши орун алды.
"Илбирс" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)
"Илбирс" - "Кара-Балта" 3:2
Стадион: "Футбол борбору" (Бишкек шаары)
Калыс: Дайыр Абдылдаев (Бишкек)
Голдор: Шаршенбек Бакыт уулу (82-мүнөттө), Гүлжигит Бөрүбаев (89-мүнөттө), Искендер Тимур уулу (93-мүнөттө) - Назар Исаков (32-мүнөттө), Урмат Абдукаимов (49-мүнөттө).
Бишкек шаарындагы "Футбол борборунун" стадионунда жергиликтүү "Илбирс" "Кара-Балта" командасын кабыл алды. Беттештин жүрүшүндө "Кара-Балта" командасынын оюнчулары топко көбүрөөк ээлик кылып жатышты. 32-мүнөттө "Кара-Балта" Назар Исаковдун күчү менен эсепти 0:1 кылып кетсе, 49-мүнөттө Урмат Абдукаимов эсепти 0:2ге айланта алды. Буга бишкектик команда 82-мүнөттө Шаршенбек Бакыт уулунун, 89-мүнөттө Гүлжигит Бөрүбаевдин жана 93-мүнөттө Искендер Тимур уулунун голдору менен жооп берип, жеңишти илип кетти.
Муну менен "Илбирс" 2-жеңишине жетип, 6 упай менен турнирдик жадыбалдын 6-сабында жайгашса, "Кара-Балта" командасы 4-ирет жеңилүү ызасын тартып, упайсыз тизменин аягында жайгашты.
"Алга" (Бишкек) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата)
"Алга" - "Нефтчи" - 0:0
Стадион: "Борбордук" (Кант шаары)
Калыс: Нурзат Аскат уулу (Бишкек)
Кант шаарында бишкектик "Алга" кочкор-аталык "Нефтчини" кабыл алды. Оюндун жүрүшүндө оюнчулар таамай боло албай, беттештин соңунда эсеп 0:0 бойдон калды.
Муну менен "Алга" 3-ирет атаандашы менен тең чыгып, турнирдик тизмеде 6 упай менен 4-орунда жайгашты. Ал эми "Нефтчи" командасы 7 упай менен 3-орунду ээлеп келүүдө.
"Алай" (Ош) - "Академия" (Ош)
"Алай" - "Академия" - 2:0
Стадион: "Ахматбек Сүйүмбаев" (Ош шаары)
Калыс: Эрлан Осмонов (Көк-Жаңгак)
Голдор: Жоел Кожо (70-мүнөттө), Алиа Силла (87-мүнөттө).
Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо, жергиликтүү эки команда кездешти. Анда "Алай" "Академияны" кабыл алды. Беттештин 70-мүнөтүндө Жоел Кожо гол киргизип, эсеп санын ачса, беттештин соңуна 3 мүнөт калганда Алиа Силла таамай болуп эсепти 2:0 кылды.
Бул жеңиш менен "Алай" 4 турдун жыйынтыгында 10 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалда 1-орунга көтөрүлдү. Ал эми "Академия" 4-ирет жеңилип 7-орунда жайгашты.
"Дордой" (Бишкек) - "Абдыш-Ата" (Кант)
"Дордой" - "Абдыш-Ата" - 1:1
Стадион: "Дордой" (Бишкек шаары)
Калыс: Нургазы Чолпонбаев (Шопоков)
Голдор: Кадырбек Шаарбеков (60-мүнөттө) - Султан Момунов (12-мүнөттө).
"Дордой" спорт комплексинде жергиликтүү "Дордой" канттык "Абдыш-Атаны" кабыл алды. Беттештин 12-мүнөтүндө канттык команданын оюнчусу Султан Момунов таамай болуп, эсепти 0:1 кылып кетти. Буга Александр Крестининдин шакирттери 60-мүнөттө Кадырбек Шаарбековдун голу менен жооп кайтарды.
Беттештин жыйынтыгында 1:1 эсеби катталды. Бул жыйынтык менен "Дордой" командасы 2-ирет атаандашы менен тең чыгып, жалпы 8 упай менен тизмеде 2-орунду ээледи. Ал эми "Абдыш-Ата" 3-ирет тең чыгып, 6 упай менен 5-орунда жайгашты.
Турнирдик жадыбал