Бишкектин 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдеш старт алды

Кечээ, 22-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдеш старт алды.

Аталган мелдеште жалпы эсепте 12 команда күч сынашууда. 22-24-апрель аралыгында тайпалык баскычтагы беттештер орун алса, 26-апрель күнү жарым финалдык оюндар өтмөкчү. Ал эми 27-апрелде 3-4-орун үчүн беттеш өтүп, 28-апрелде финалдык беттеш орун алат.

Мелдештин 1-күнүнүн жыйынтыгында "Арашан" "Көк-Жал" командасын 2:1 эсебинде, "Сары-Өзөн" командасы "Четиндини" 11:1 эсебинде, "Бакубат-Талас" "Аафиятты" 6:0 эсебинде жана "Көлдүк" "Теңир-Тоо" командасын 6:0 эсебинде жеңип алышты.

Бүгүн, 23-апрелде тайпалык баскычтагы оюндар уланмакчы. "Төш-Булак" - "Көк-Жал", "Четинди" - "Кеңешбек-Ата", "Аафият" - "Кара-Балта" жана "Келечек" - "Теңир-Тоо" командаларынын беттештери орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kriss120
2018-04-23 12:29:40
Эн жакшы оюун болот экен ар областан командалар келип
+2
Lutfulla
2018-04-23 12:36:19
Баткен менен Ысык-Колдон командалар жок экен. Ушул эки обласда команда тузуш керек экен. Ошондо командалар коп болуп оюнда абдан кызуу болмок.
0
tular
2018-04-23 15:42:35
Урматтуу админ, кок бору жыйынтыгы кандай болду, ушунуда жазгылачы!!!
0
ere
2018-04-23 15:47:09
видеосун кайдан корсок болот?

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан