"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Алайда 5 жаштагы баланы атасынын унаасы менен сүзгөн өспүрүм кыз курбусунукуна бара жаткан

Алайда окуучу кыз атасынын унаасы менен 5 жашар баланы сүзүп, ал каза болду. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлаган эле. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

"22-апрелде саат 15:00 чамасында Алай районунун Гүлчө айыл аймагында 8-класстын окуучусу Ж.к.У. атасынын Honda Fit унаасын уруксатсыз айдап чыгып, О.Д. аттуу 5 жаштагы баланы сүзгөн. Жабыркаган бала Алай аймактык ооруканасына жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча 5 жаштагы баланы сүзгөн өспүрүм кыз атасынын унаасы менен курбусунун үйүнө бара жаткан. Учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ermekbai
2018-04-23 12:42:40
Эми ким күнөөлү болот. Бир наристе өлүп жатат.
+4
Gsuita
2018-04-23 13:00:09
Байкуш ата-энесине сабыр берсин. Кээ бир пенделердин жоопкерчилиги жоктугунан бир бейкүнөө наристеден ажырашты.
+2
Shokoladka94
2018-04-23 13:45:08
Атасынан корксо ошол машинаны уруксаатсыз айдабайт эле. Ээнбаштыктын айынан бейкуноо наристенин омурун алып, ата- энесин сыздатты
+6
NURTILEK_KG
2018-04-23 13:45:08
8 класс болсо ата энеси жооп берет кызга эч кандай чара корулбойт
+5
stervella415
2018-04-23 13:48:36
ХХХХХХХ айдайт 8 класс кенедей кыз...ал эмнс окуп буткон права алган мен айдагандан эмдигиче корком...кудай озу сактасын тфу тфу
+3
Aidani
2018-04-23 15:13:41
Эмнеге кызга чара корулбош керек детский колония деген бар. Ар бир Адам жазаланууга тийиш
+2
nargiz94
2018-04-23 16:00:50
Курбусуна мактанайын деп бараткан да. Ата энеси кызын кантип каматып коет эле, журоктору чыдап. Оздору жооп беришээр да. Ээнбаштыктын айынан бироону баласынан ажыратып, ата-энесин сыздатты. Машина эмес руксатсыз буюм алгандан коркчук элек биз.
+3
kalbek87
2018-04-23 16:09:09
Баланы ашыкча эркелеткендин жыйынтыгы ушул десек болот. "Кызга кырк уйдон тыйуу" деп кыргыз бекер айткан эмес. Ата каардуу болсо кыз ыймандуу болот.
+6
Pamirlan
2018-04-24 07:19:16
Атасы уруксат берип эле кыз дайыма айдап жургон.
0
Janna07
2018-04-24 07:34:51
Кошмар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан