Мушкер Антонина Шевченко тай бокс боюнча чемпиондук курун коргоду

Кыргыз мамлекетинен чыккан спортчу Антонина Шевченко "Lion Fight 42" мелдешинин алкагында тай бокс боюнча чемпиондук курун коргой алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш АКШда 21-апрелде орун алды. Анда Антонина Шевченко жеңил салмак ченинде австралиялык Клэр Бэкстер менен күч сынашты. Беттештин жыйынтыгында Шевченко калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти.

Айта кетсек, Антонина Шевченко 2016-жылдын 8-июлунда спорттун ушул түрүнөн Дүйнө чемпиону болуп, ошол эле жылдын 2-сентябрында чемпиондук курун алгачкы жолу коргогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aslan_akjol89
2018-04-23 12:34:09
Азаматсын,Кыргыздын желегин желбиретип которгонун учун ыраазычылык!!!
+8
Zainidin96
2018-04-23 12:41:01
Укмуш ар дайым ийгиликтер коштоп журсун
+4
Beks.Kasymov
2018-04-23 13:11:23
азаматсыз Шаиргул еже биз сиз менен сыймыктанабыз
+1
take.kg86
2018-04-23 15:08:48
Азаматсың кыргыз желегин дагы далайга жэлбиретет деп ишенем
+1
Nazaralikarakulja
2018-04-24 02:08:53
Молодец Алгаа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан