Оштун Араван районунда 2 жашар баланы кичи автобус тебелеп, ал каза болду. Бул тууралуу 23-апрелде SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 21-апрель күнү саат 13:00дөр чамасында болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа артты көздөй жылып жатып, 2 жаштагы баланы тебелеп кеткен. Баланы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө айдоочу өзү жеткирген. Тилекке каршы, бала ооруканада 2 сааттан кийин каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.