Таластын Манас районунда Маткерим Рахманбердиева атындагы орто мектептин окуучу кызы дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мектеп директору Нургүл Акимова билдирди.
Маалыматка ылайык, окуучу кыз 18-апрелден баштап изделүүдө.
"Окуучу кыз 19-апрель күнү сабакка келбей калды. Эмнеге келбей калганын билиш үчүн класс жетекчиси окуучунун телефонуна чалып көргөндө өчүк болду. Апасына чалсак, анын телефону да албай койду. Себеби апасы Казакстандын Тараз облусуна барып келип иштейт. 20-апрелде окуучунун дайынсыз болуп жатканы боюнча милицияга арыз жазганбыз. Кыз өзү зээндүү, жакшы окуган окуучу болчу. Үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу. Акыркы жолу мектепке башына шарф ороп келиптир. Аны эмнеге экенин үйүнө барып мугалим сураштырганда намаз окуп баштаганын айтыптыр. Биз ага тийиштүү маалыматтарды айтып түшүндүргөнбүз. Ал андан кийин башына шарфты салбай калган", - деди ал.
Учурда окуучу кызды издөө иштери жүргүзүлүп жатканын Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.