Бишкекте "Универсиада-2018" мелдеши жыйынтыкталды

Бишкек шаарындагы Дене тарбия жана спорт боюнча Кыргыз улуттук академиянын имаратында "Универсиада-2018" мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын университеттер арасындагы спорттук мелдеште республикадагы 34 Жогорку окуу жайдан жалпы эсепте 4 миңден ашуун студент катышты. Алар 21 спорт түрү боюнча күч сынашып, мыктыларды аныктады.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев студенттерге ыраазычылыгын билдирип, "Универсиада-2018" мелдешинин жыйынтыкталышы менен куттуктады.

"Урматтуу студенттер жана "Универсиаданын" катышуучулары, мелдештин жыйынтыкталышы менен куттуктайм. Жыл сайын мелдештин катышуучулары көбөйүүдө. Бул жаштар дени сак жашоону тандап жатканын билдирет", - деп айтты Арпачиев.

Мелдештин жыйынтыгы:

1-орун: Дене тарбия жана спорт боюнча Кыргыз улуттук академиясы - байге 65 миң сом;

2-орун: Кыргыз мамлекеттик юридикалык академия - байге 55 миң сом;

3-орун: Кыргыз-Түрк "Манас" университети - 43 миң сом;

4-орун: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети - байге 30 миң сом;

5-орун: Кыргыз улуттук университети - 25 миң сом;

6-орун: Ош улуттук университети - 20 миң сом

Андан тышкары "Универсиаданын" мыкты спортчулары аныкталды:

Үзүр Жусупбеков;

Ислам Дастан уулу;

Алия Шумкарбекова;

Кубанычбек Моңолдоров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Hacker99
2018-04-23 19:37:12
Политех! Политех! Политех!
0
nuridindosmatov
2018-04-23 23:01:22
Манас
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан