Сокулукта 59 жаштагы киши аялын бычактап салды

Чүй облусунун Сокулук районунда 59 жаштагы киши аялын бычактап салды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулуктун айылдарынын биринде 59 жаштагы Ж.Т. аттуу адам, үй-бүлөдөгү уруштан 47 жаштагы К.А. аттуу аялын бычактап салган. Алган жаракаттарынан улам жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pandora
2018-04-24 12:07:18
Сабыр.сабыр.сабыр.сабыр
0
Zainidin96
2018-04-24 13:08:53
Тируубу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан