Назгүл Токтакунованын клиби Орусияда эң мыкты 10 клиптин катарына кирди

Ырчы Назгүл Токтакунованын "Как в кино" аталышындагы ырынын клиби "ТНТ MUSIC" музыкалык каналынын "Резидент ТНТ Music" сынагында 10 мыкты клиптин катарына кошулду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

"Сынакка клибимди жиберүүнү досторум сунушташкан. Кыргыз эмеспизби, ырларды кабыл алуу күнү аяктап жаткан эң акыркы күндөрү жибергенге жетишип калдым. Учурда чыгармам 10 мыкты клиптин тизмесинде 65 пайыздык көрсөткүч менен биринчи орунда келе жатат. Жеңүүчү элдин добуш берүүсү жана атайын эксперттердин чечими менен июнь айында аныкталат. Баш байгеге 1 миллион рубль коюлуптур. Орусияда мыкты клип тарткан ырчылар көп, меники кошулбай калса керек деп ойлогом. Ырымды мыкты 10 клиптин тизмесинен көрүп сүйүнүп жатам", - деди ырчы.

Ошондой эле аталган чыгарма атайын Орусия, Казакстанда күйөрман топтоо максатында, ошол аудиторияга ылайыкталып жазылганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zeinep.18
2018-04-23 18:33:05
Молодец
+2
Janna07
2018-04-23 18:57:00
Кана, коройун десем жок
+3
Pandora
2018-04-23 19:11:16
Неге антип кийинесинер? Биздин менталитетке туура келбейт,силер бул корунуш менен кыргыз элине эле эмес,бутундой мусулман уят кылып жатасынар.Себеби бутун дуйно эли билет мусулмандарга эмне мумкун? эмне мумкун эмес экенин.Керек болсо мен кока кола ичип жатсам,тырнагымды же чачымды боеп алсам "это для тебя харам"-деп.
-3
dastan_nookat
2018-04-23 20:02:54
Ошол клипбин неге сайта жуктобойсуздор
+4
NURTILEK_KG
2018-04-23 20:17:40
Бет эмес эле макияж болуп калыптырго
0
Jarma
2018-04-23 20:54:07
Азаматсын Назгул!Мындан дагы жакшы ырларды жана клиптерди жарата бер.
0
AKCAHAT
2018-04-23 21:06:10
Молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан