Токмокто 33 жаштагы адамды өлгөнчө сабап, жансыз денесин талаага көмүп койгон деп шектелип эки адам кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарында талаага көмүлгөн адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө адам өлүмү боюнча маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери талаага көмүлгөн адамдын жанчылган денесин табышкан. Кийинчерээк анын өздүгү аныкталып, ал 33 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыккан. Ал эми бул окуяга шектүү катары 17 жаштагы П.А. менен 33 жаштагы Д.А. кармалган.

"Каза болгон адам менен шектүүлөр чогуу спирт ичимдигин ичип отурганда чыр чыгып, ал урушка айланып кеткен. Шектүүлөр ур-токмокко алган адамдын каза болгонун кийинчерээк билишкен. Жоопкерчиликтен кутулуу үчүн алар жансыз денени көмүп коюшкан", - деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан