Астанада КМШ мамлекеттеринин алкагында Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин отуруму болду

15-июнда Казакстандын Астана шаарында КМШ мамлекеттеринин Дене тарбия жана спорт кеңешинин отуруму болду. Аталган иш-чарага Кыргызстандан Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Бактыбек Шалпыков жана Спорттун улуттук түрүн өнүктүрүүчү республикалык борбордун директору Алмазбек Касенов катышты. Жыйында КМШ мамлекеттеринин спорт чөйрөсүнө карата мамлекеттик саясаттын негизги багыты, 2020-жылга чейин улуттук спортту колдоо жана өнүктүрүүнүн программасы бекитилди. Андан тышкары 2013-2015-жылдарга белгиленген эркин күрөш боюнча Кааба уулу Кожомкулдун, грек-рим күрөшү боюнча И.Панфиловдун, бокс боюнча Д.Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирлердин планы колдоого ээ болду. Ошондой эле 2014-жылы КМШнын Ысык-Көл оюндарын Азербайжанда өткөрүү чечими кабыл алынды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан