ИИМдин биринчи орун басары Тогуз-Тородо 12 адамдын камалышына ким күнөөлүү экенин айтты

ИИМдин биринчи орун басары Тогуз-Тородогу 12 адамдын камалышына Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилерин күнөөлөдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБинин жаңы дайындалган башчысын тааныштырып жатып, Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу комбинаттын өрттөлүшүнө шектелип кармалган 12 жарандын камалышына Жалал-Абад ОИИБинин өздүк курамынын жетекчилерин күнөөлөгөн.

"Жалал-Абад облусунда 3 ай ичинде катталган кылмыштардын саны өткөн жылдын отчётуна салыштырмалуу 159 фактыга өскөн. Былтыр 589 болсо, быйыл 748ге жеткен.

Тогуз-Тородогу окуя боюнча силердин алдын ала маалыматыңар жок болгондугунун натыйжасында ушул окуя келип чыкты. Жетекчиликке, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, губернаторго ыкчам маалыматтарды, элдин пикирин, нааразычылыгын өз убагында билдирген эмессиңер. Учурда 15 жаранга кылмыш иши козголуп, 12 адам тергөө абагына киргизилди. Негизинен ушунун баарын алдын алуу керек болчу. Ушундай терс көрүнүштөгү фактылардын катталышына жетекчилер, силер күнөөлүсүңөр! Силердин өз ишиңерге болгон кайдыгерлигиңер менен функционалдык милдетиңерди толук аткарбаганыңар ушундан билинип калды. Элдин нааразычылыгы министрликке дагы жетти. Бул аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чече албагандыгын билдирди", - деген Өмүрзаков.

Жалал-Абад ОИИБинин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен аталган окуя боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы ИИМдин кезектеги ыкчам кеңешмесинде да караларын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
filis
2018-04-23 19:44:09
Элдер оздоруно оздору кор казып жатышат.
-17
aksy94
2018-04-23 19:56:44
filis,оздоруно оздору эмес биринчиден ал мыйзамсыз курулган экинчиден эл кумторго окшоп калбасын бизда цианит исип калбайлы деп чыгып атат акмак
+13
Begaiko
2018-04-23 20:51:35
filis,сен болсон сен да өзүнө өзүн көр казмаксын!
+3
fantomas
2018-04-23 21:12:34
filis, эл эмес бийлик озуно озу кор казып жатат... Туура суйлоп жур, кошомат кылып калп суйлобой...
+5
aksy94
2018-04-23 20:05:26
Супер инфо ген прокурор боюнча айтып койгулачы сураныч ким келмей болду качан дегендей
-1
aksy94
2018-04-23 20:07:00
Супер кж
-3
Majit1975
2018-04-23 20:14:05
Атамбаевтен кабар барбы?че то дами чыкпай калды
-3
nurbekasr
2018-04-23 20:42:49
Majit1975,Эмне Аташканы сагынып жатасынбы?дами чыкбай калсын ошол бойдон.
+5
Majit1975
2018-04-24 00:56:10
nurbekasr,сагынган жокмун просто күндө жазышып атты эле да анан эле дым болуп калышты
-1
jbolotov
2018-04-23 20:42:11
Кыргызстандын чондору чыккынчылар, мыйзамсыз иштеп атканы билинип калды, демек акчаларга официалдуу налог болгон эмес, буларды чондор жеп жерибизге зыян болгончо орттоп салган баатырларга рахмат!
+1
fantomas
2018-04-23 21:15:25
Тогуз-Тороонун элине рахмат айтыш керек...

Ал эми жогорудагы Суйунбек Омурзаков бекердин бешин айтыптыр... Ага эл да, милиция да куноолуу эмес... Куноолуулор мыйзам бузуу менен лицензия бергендер, курулушка уруксат бергендер, эл митинге чыкса кулактарын жапырып укмаксан билмексен болгон Окмот менен Жогорку Кенеш куноолуу президент кошо......
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан