Ырчы Алтынай Нарбаевага күйөрман иниси 2 бөлмөлүү батир белек кылды

Ырчы Алтынай Нарбаева жеке концертинде күтүүсүз белекке ээ болду. Ага жердеши жана күйөрман иниси 2 бөлмөлүү батир белек кылган. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

"Жеке концертимди тартуулап жатсам, алып баруучу Ильяз Агыбай уулу "бирөөгө сөз берейин" деп калды. Карасам, сахнага өзгөндүк иним, менин чыгармачылыгымды сыйлаган ишкер Болот Дыйканбаев чыгып куттуктап, мага 2 бөлмөлүү батир белек кыла турганын айтты. Бул күтүүсүз белек концерт көрүп отурганда эле кабыл алынган чечим болуптур. Бул мен үчүн күтүлбөгөн жана абдан жагымдуу сюрприз болду", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
States
2018-04-23 20:08:01
Пиар
-11
mumu00
2018-04-23 20:13:29
States,Койчай улуу эле эжекеге пиардын эмне кереги бар, пиар жашыраак ырчыларга керек го дейм.Алтынай Нарбаева аты бар ырчы,анын кадыр-баркы бийик экен үкалары элитка подарить этип коюшуптур, анын эмнеси жаман?
+22
nurbekasr
2018-04-23 20:44:34
Квартира кут болсун Алтынай эже.
+7
AzKumFerDan
2018-04-23 20:51:10
Менден 5болмолуу батир Алтынай эжеке.
-6
Adiletia
2018-04-23 21:05:35
Бир туугандары белек кылды десеңер ишенсе болот. Күйөрманы деп алдабай эле койгон жакшы. Мейли күйөрманы берсин бирок жакшы ойдо эмес
-10
Mr.Jack
2018-04-24 08:14:38
Adiletia,Ким берсе да кандай ойдо берсе да берди да. Жөн гана жакшы каалоо айтып койсо болот го кергиштебей.
+1
surgeon777
2018-04-24 11:44:49
Mr.Jack,жаман ою болсо ошончо элдин алдында бермек эмес го дейм,андай ою болсо комуско жерге чакырып эжени.....так что жаман ойлобогула))
+1
Adiletia
2018-04-23 21:13:11
Ырчы айымдар бат көтөрүлгөнгө шанс Спонсорлор менен
0
Nevestkaa
2018-04-23 21:26:40
Болот Дыйканбаев колунда бар адам,берсе бергендир ишенип койгула мага алтындарым (((((Ал Өзгөндө масштабтуу той аш улактарды өткөрүп турат жана байгеге автодон баштап көптөгөн баалуу белектерди коет.Алтынай эженин үйү болсо кк эле,үйү жокторго бербептир.Ю..бта жүрөт го инвалид эжесин караган жаш кыз ошолорго берсе болмок экен үйдү.
+13
Maaalina
2018-04-24 06:59:48
Nevestkaa,же маршрутка сузуп кеткен кызга берсе болмокен бир бутунан жана апасынан айрылган.
+4
Mr.Jack
2018-04-24 08:11:22
Maaalina,Абдан туура ой айтыпсыз. Сиздей калыс ой жүгүрткондөр көп болсун ылайым.
+3
Dinar.raiymjan
2018-04-23 22:16:22
ООО кут болсун...
0
bekub1473kg
2018-04-23 22:22:15
Магада Аллахым бир кун уй белек кылат мен кутпогон жерден Оо Аллахым баарызды кыйынчылсыз бизге уй белек кыла кор ушунчалык кеч болсун баардык туугандарыбыз батсын оомиин
+8
States
2018-04-23 23:30:12
Ушуга бергенден коро майып кишилерге оорукчан балдарга берсе болмок . Эмне бул ырчыда уй жокпу ? Тойдон канча акча таап атат ? Тан калам эмнеге байлар кайра акчасы бар ырчыларга уй берет ? Колунда жок оорукчан майып ооруп аткан адамдарга бербейт ?
+4
AKCAHAT
2018-04-24 00:00:02
Жанакы козу азиз и балдары майып жигитин уй булосуно берсе болмок.
+6
Paprikafm
2018-04-24 07:01:03
AKCAHAT,эн туура айтасын, ошол майыпка берсе болот эле
+2
Djumahmatov
2018-04-24 01:34:07
Туугандар мени жаман корбогуло мен оз оюумду айта кетсем. Бергени жакшы дечи баракелде бирок ошол акчаны курсагына нан тапбай отурган жакыр уйбулолор толуп жатпйбы ошолорго берсе эмне болмок рас конулдон чыккан болсо Алтынай эженин акча сы уйу болсо керек концерт коюуп акча таап жатат жакыр уйбулолорго берсе болмок экен эх аттин акчалуу болсом жакыр уй булолрго жардам бермекмин
+5
Bazana
2018-04-24 02:11:54
Djumahmatov,балким жакырларгада жардам берип жургондур ал байке.
+4
madina.87
2018-04-24 09:16:54
Эмгегин ,талантын сыйлап бериптирда иниси,баарын эле чекеден акылдуусунарда.
Балким бейбечараларга деле берип жаткандыр.
Аны айтса ага да жооп тапсанар керек эле,мактанат деп...
Алтынай Нарбаева эжеке ак оргоонуз кут болсун!
Эл учун дайым ырдап журо бериниз
-1
MaRmeLaDka
2018-04-24 09:29:28
Билишимче, Болот Дыйканбаев жаңы үйлөрдү куруп, ишкерлик кылат. Менимче, ошол үйлөрүнөн под самоотделку берсе керек. Бул реалдуу эле нерсе го. Ошондой болсо деле чоң жардам. Кут болсун, эже, үйүңүз!
0
Modric10
2018-04-24 11:46:56
тан калычтуу....
-1
Crystal
2018-04-25 11:30:25
Алтынай эженин чыгармачылыгын өтө сыйлайм силер айткандай бей бечараларга жардам берип койсо болмок ошол ишкер Болот канчалаган оорукчан наристелер бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан