Бишкек 140 жыл, көк бөрү: Мелдештин 2-күнү "Көк-Жал" командасы "Төш-Булакты" 7:4 эсебинде утса, "Кара-Балта" "Аафият" командасынан 3:6 эсебинде жеңилип калды

Борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдеш уланууда. Учурда 12 команда катышып жаткан мелдеште командалар тайпалык баскычта күч сынашууда.

Кечээ, 23-апрелде мелдештин 2-күнү жыйынтыкталып, 8 команданын өз ара беттеши орун алды. Анда "Төш-Булак" командасы "Көк-Жалдан" 4:7 эсебинде жеңилсе, "Кеңешбек-Ата" командасы "Четиндини" 4:0 эсебинде утуп алды. Ал эми "Аафият" менен "Кара-Балта" командаларынын беттеши 6:3 эсебинде жыйынтыкталса, "Келечек" менен "Теңир-Тоо" беттеши 5:3 эсебинде аяктады.

Бүгүн, 24-апрелде тайпалык баскычтагы оюндар уланмакчы. Анда "Арашан" - "Төш-Булак", "Кеңешбек-Ата" - "Сары-Өзөн", "Бакубат-Талас" - "Кара-Балта" жана "Келечек" - "Көлдүк" командаларынын беттештери орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayhan
2018-04-24 11:49:01
Кудай буйруса Сары-Өзөн утатко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан