Кыргыз суучул Владислав Шулико жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алды

"Дельфин" олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Владислав Шулико Аргентинада өтө турчу жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Владислав Шулико Москва шаарында өтүп жаткан Орусия чемпиондугунда баттерфляй стилинде 100 метр аралыктагы жарышта 55,52 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду.

Айта кетсек, Владислав Шулико Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, ал бир нече эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын рекорддорун жаңылаган.

Маалымдай кетсек, жаштар арасындагы Олимпиада оюндары Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында 2018-жылдын 6-18-октябрь аралыгында өтөт.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан