Кезектеги "Оскар" сыйлык тапшыруу аземи Лос-Анжелесте 2019-жылы 24-февралда өтөт. Бул тууралуу америкалык киноискусство академиясы жарыялады.
Маалыматка ылайык, "Оскар" сыйлыгына ат салышкысы келгендерди тандоо 2019-жылдын 7-январында башталып, 14-январда соңуна чыгат. Ал эми катышуучулардын тизмеси 22-январда жарыяланып, жеңүүчүлөр 19-февралга чейин аныкталат.
Эске салсак, быйыл "Суунун формасы" тасмасы эң мыкты тасма деп табылып, тасманын жаратуучулары "Оскар" сыйлыгына ээ болушкан.