Кытайдын Гуандун провинциясында өрт кырсыгынан 18 адам каза болуп, дагы бешөө жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт 23-апрелден 24-апрелге караган түнү Цинъюань шаарындагы караоке клубунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:30дар чамасында (Бишкек убактысы боюнча саат 22:30да) чыккан.
"Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы, дарыгерлер жана полиция кызматкерлери келген. Өрт толугу менен жергиликтүү саат боюнча 00:55те өчүрүлүп бүткөн, бирок өрттүн тез өчүрүлгөнүнө карабастан каза болгондордун саны көп болгон", - деп айтылат маалыматта.
Ар кандай жаракат алган 5 адам ооруканага жеткирилген. Өрттүн эмнеден улам келип чыкканы азырынча аныкталган эмес.
Ошондой эле аталган маалыматта бул өрттү кимдир бирөөлөр атайын уюштуруусу мүмкүн экени да айтылат.