Мексикада жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн 10 мүчөсү каза болду

Мексика өлкөсүнүн Колима штатында жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн 10 мүчөсү каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Колима жана Мансанильо шаарларын бириктирип турган жолдо катталган. Анда жүк ташуучу унаанын артындагы контейнер кулап кетип бир нече унаа жол кырсыгына учураган. Каза болгон 10 адам бир унаада бара жаткан, алардын төртөө кичинекей балдар болгон. Ошондой эле 2 адам жаракат алганы айтылат.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан