Кыргыз калыстары алгачкы жолу волейбол боюнча Азия чемпиондугун тейлеп жатышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Бангладештин Дакка шаарында өтүп жаткан "Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсү, Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш, Мальдив аралдары жана Непал курама командалары күч сынашууда.
Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн калыстар Нургазы Кокчолоков жана Нурлан Тойчубеков беттештерди тейлөөдө. Нургазы Кокчолоков башкы калыс болуп мелдештин ачылышындагы беттешти аркалады. Андан тышкары Мальдив аралдары-Непал жана Бангладеш-Мальдив аралдары беттешинде 2-калыс болмокчу.
Айта кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн калыстары мындай деңгээлдеги мелдештерде катышкан эмес.