Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-апрелде УКМКнын кызматкерине 3 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери кармалган. Ал акчаны тергөөгө чейинки текшерүү учурунда аныкталган мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн пара катары берүүгө аракет кылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.