Бишкектин Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус бир аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 24-апрелде 12:30 чамасында болгон.
"Бүгүн Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жөө аялды 8-троллейбус сүзүп кетти. Эс-учун билбей жаткан аялды "Тез жардам" кызматы алып кетти", - деп билдирди күбө.