Талас шаарындагы мектепте болгон мушташка тиешеси бар делинип 2 адам кармалды

Талас шаарынын 5-мектебинин аймагында мектеп окуучулары аралашкан мушташка тиешеси бар 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда мушташка канча адам катышканы такталууда.

"Азыр мушташка катышкан деп Талас шаарынын 19 жаштагы жана 20 жаштагы 2 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми балдардын мушташынын себеби тергөө амалдарынын кызыкчылыгы үчүн айтылбайт. Тергөө иштери улантылууда. Ошондой эле операция жасалган баланын абалы дале оор бойдон оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин 23-апрелде Талас шаарындагы 5-орто мектептин аймагында орун алган жаңжалдан 2 окуучу жана бир адам жаракат алганы кабарланган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан