Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында лондондук режиссёр Сара Бержер Уильям Шекспирдин "Макбет" спектаклин коёт. Бул тууралуу бүгүн аталган долбоордун демилгечиси, драматург Султан Раев SUPER.KG порталына билдирди.
"Лондондун "Глоба" аттуу чоң театрында Шекспирдин спектаклдерин койгон режиссёрлордун бири Сара Бержер Кыргыз өлкөсүнө жеке тааныштык мамиле аркылуу келди. 2015-жылы "Ханышанын көз жашы" деген пьесамды Лондондогу театрда койгонбуз. Ал спектакль англис тилинде коюлуп, лондондук артисттер катышкан. Андан кийин да "Туңгуч" театры менен "Илегилек" спектаклин коюп, атайын сыйлыкка татып келгенбиз. Ошондон кийин алар кыргыз драматургиясына кызыга баштады", - дейт ал.
Ошондой эле Султан Раев спектаклди коюу үчүн мамлекет тарабынан жардам күткөнүн, бирок Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде андай акча жок экенин кошумчалады.
"Сара Бержер режиссёрлук кылган "Макбет" спектаклин Бишкекте коюуда, чынын айтсам, каражат, колдоо маселеси бир топ көйгөй жаратты. Каражатты өз чөнтөгүбүздөн чыгардык. Андан сырткары белгилүү адамдарга кайрылдык".
Спектакль эки тилде аткарылып, кыргыз артисттери менен англиялык артисттер бир сахнада ойной турганын билдирди.
"Биздин максат - Лондондун театрын кыргыз көрөрмандарына көрсөтүү. Анткени Лондон - маданий интеллекти жогору шаар. Кыргыз элине жаңы дүйнөнү ачып бергенге аракет кылып жатабыз. Мунун баары өзүбүздүн демилге менен ишке ашып жатат", - дейт Султан Раев.