Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков Ош ШИИБинин жаңы башчысы Муратбек Бороновго кумар оюндарын ойноочу жайларды жабуу үчүн 3 күн убакыт берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар тарабынан кумар оюндарын ойноочу жайлардан жарандар өздөрүнүн мүлктөрүн (үйлөр, унаалар, ири суммадагы акча каражаттар жана башкалар) уттуруп жаткандыгы тууралуу даттануулар келип жаткандыгын билдирген. Мындан улам Муратбек Бороновго бул боюнча иш алып барууну жана баңги кылмыштуулугуна каршы ишти күчөтүү керектигин тапшырган.
Сүйүнбек Өмүрзаков Ош ШИИБинин башчысына: "Кумар оюндарын ойноочу жайлар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүңүз. Сизге бул боюнча үч күндүк убакыт берем жана жыйынтыгы боюнча өзүңүз маалымат бересиз", - деген.
Айта кетсек, милициянын полковниги Муратбек Боронов Ош ШИИБинин өздүк курамына жаңы башчы болуп дайындалып, бүгүн, 24-апрелде кызматкерлерге тааныштырылды. Ал буга чейин Ош ОИИБин жетектеп келген.