Волейбол боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз өлкөсү Өзбекстанды жеңип, жарым финалга чыкты

Бүгүн, 24-апрелде Бангладештин Дакка шаарында өткөн волейбол боюнча "Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсү Өзбекстанды жеңип, жарым финалга чыкты.

Беттеш 5 бөлүктө өтүп, биринчи бөлүктө Кыргыз курамасы 25:18 эсебинде жеңишке жеткен. Бирок 2-3-айлампада өзбек спортчулары 24:26 жана 19:25 эсебинде жеңишке жете алышты. Төртүнчү бөлүктө кайрадан Кыргыз волейболчулары 25:18 эсебинде жеңишке жетип, жалпы эсеп 2:2 болуп калган. Чечүүчү бөлүктө биздин мекендештер атаандашынын үстүнөн 15:13 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алды.

Жарым финалдык оюндар эртең, 25-апрелде болот. Анда Кыргыз курамасы Бангладеш менен, Түркмөнстан Непал менен кез келет.

Айта кетсек, Дакка шаарында өтүп жаткан "Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсү, Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш, Мальдив аралдары жана Непал курамалары күч сынашууда. Анда Кыргыз калыстары алгачкы жолу волейбол боюнча Азия чемпиондугун тейлеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Meni_unut
2018-04-24 22:33:17
Мына ушуну жанылык десе болот.Азаматтар ийгилик!!!
+12
Ernic
2018-04-25 01:11:45
Болду жарым финалды ойнобой үйгө келе берсеңер деле болот. Эң башкысы Өзбекстанды уттук.)
+5
talant87
2018-04-24 22:40:48
Ова жанылык бири олду сузуп кети жоголуп дебей жакшылык жанылыктан кооп жазгылачы
+8
shankol88
2018-04-24 22:48:32
Ураа алга Кыргыстан...
+5
aiman1983
2018-04-24 23:39:52
shankol88,Мекендин атын туура жазалычы туугандар.
+3
Alimankooooo
2018-04-24 22:48:54
Аллахыма чексиз шүгүр дайым ушундай ийгиликтерге жетишип жүрө бериңиздер валейболистер өзбек туугандарды артка таштап
+3
azabraza
2018-04-24 22:57:13
Абдан кучтуу оюун болду
+2
BekAmir
2018-04-24 23:25:51
Аннаааа....
Азаматтар
+2
Toguzbai
2018-04-24 23:46:34
Аллга буркутторум мен силер менен бай байкенер
+1
Brokg89
2018-04-25 00:47:31
Урааа урааа урааа болуптур биягы Азаматсынар буркуттор!!!Кыргыздын шумкарлары алга!!!
+2
Brilant-zhylan
2018-04-25 02:49:47
Жаны президент жаны окмот жаны прокурор жаны ийгиликтер алга кыргызстан !!!
+2
bahabaike
2018-04-25 03:03:37
Мамлекеттик спорт каналбыз деп мактана бергендер ушу окшогон оюндарды алып берсе жакшы болот эле
+2
a.sheralievic.91
2018-04-25 10:46:34
Урааа десек болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан