Бишкектин 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдеште жарым финалга өткөн командалар аныкталды

Бүгүн, 24-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалына өткөн командалар аныкталды.

Аталган мелдештин 3-күнүндө 8 команда өз ара беттешип, жеңүүчүлөрдү аныктады. Анда "Арашан" командасы "Төш-Булакты" 11:1 эсебинде жеңип алса, "Кеңешбек-Ата" "Сары-Өзөн" командасына 16:1 эсеби менен жеңилип калды. "Бакубат-Талас" "Кара-Балтаны" 8:0 эсебинде утса, "Көлдүк" "Келечек" командасын 9:2 эсебинде утуп алды.

Муну менен мелдештин жарым финалына "Арашан", "Сары-Өзөн", "Бакубат-Талас" жана "Көлдүк" командалары өттү. Финалга чыгуу үчүн беттеште 26-апрель күнү "Арашан" - "Сары-Өзөн", "Бакубат-Талас" - "Көлдүк" командаларынын беттештери орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jake91
2018-04-24 21:17:24
мен достукту корбодум чото алар каякта
0
Dembele84
2018-04-24 21:19:48
Кучтуулор катышкан эмес окшойт
0
Orozaly737373
2018-04-24 21:33:13
Кенещбек-Ата деген кайсыл жактын команда сы
0
Edward.14
2018-04-24 21:52:24
Orozaly737373,Жалал-Абад
0
egiz-jigit
2018-04-24 22:48:03
Orozaly737373, Аксы
0
MEDER_KULETOV
2018-04-24 22:08:17
Алга Бакубат Талас
0
urmat94
2018-04-24 22:53:58
Колдук алга
+1
Talaschanka
2018-04-24 23:12:56
Буйруса Бакубат Талас чемпион болот!!!
0
Brat2
2018-04-25 00:13:09
Бул жакта айтылуу Таластын "Ынтымагы", Оштун "Достугу", Чуйдун "Биримдиги" ж.б башка кучтуу командалары катышкан жок. Башкача айтканда 2-дивизион булар.
0
Taku.14.02
2018-04-25 02:41:35
Катышпадыбы же дагы команданын атын озгортуп койуштубу бизде 2 3 бала жаны кошулса жаны ат койуп ататго
0
urmat94
2018-04-25 07:06:18
Колдук чемпион болот буйруса
0
bayhan
2018-04-25 07:27:59
Сары-Өзөн утат кудайым буйруса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан