Чемпиондор Лигасы: "Ливерпуль" өз талаасында "Романы" утуп алды

25-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалдык беттеши орун алды. Анда англиялык "Ливерпуль" өз талаасында италиялык "Романы" кабыл алды.

Энфилд стадионунда орун алган беттеш 5:2 эсебинде "Ливерпулдун" жеңиши менен аяктады. Оюндун жүрүшүндө "Ливерпуль" командасынан үчилтиги Салах-Фермино-Мане айырмаланышты.

Беттештин 36-мүнөтүндө англиялык клубдун жылдызы Мохамед Салах алыскы бурчка багыттаган соккусу таамай болуп эсеп санын ачты. 1-таймдын кошумча убактысында Мохамед Салах кайрадан айырмаланды, ал Ферминонун чыгарып берүүсүнө жетишип, дарбазачы менен бетме-бет келди. Салах Алисондун дарбазадан чыгып кеткенин байкап, топту анын үстүнөн ашырып эсепти 2:0 кылды. 56-мүнөттө Садио Мане айырмаланып эсепти 3:0 кылса, Роберто Фермино 61 жана 69-мүнөттө айырмаланып эсепти 5:0гө айлантты. Буга "Рома" командасы 81-мүнөттө Эдин Жеконун голу менен жооп кайтарса, 85-мүнөттө Диего Перотти пенальтиден гол киргизип, эсепти 5:2 кылды.

Муну менен "Рома" командасы жооптук беттеште жеңишти илип кетүүгө мүмкүнчүлүктөрүн сактады. Ал эми "Ливерпуль" финалга аттанууга 1 кадам жакындады. Командалардын жооптук беттеши 3-майга караган түнү орун алат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-апрелде Мюнхен шаарында "Бавария" командасы мадриддик "Реалды" кабыл алат. Беттеш "Альянц-Арена" стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 00:45те башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Omurbek998
2018-04-25 03:31:33
Салахтын доору башталды
+6
Brokg89
2018-04-25 05:05:27
Салах жырттыго жыртты Жаша Ливерпуль Жаша Мохаммед Салах!!!
+4
King_Messi
2018-04-25 05:45:38
Башталды Башталды !!
-3
kamaldin
2018-04-25 06:12:59
Фермино эмес Фирмино
+3
Brilant-zhylan
2018-04-25 08:00:49
Финалга Реал чыксада Бавария чыксада жыртатго буйруса Ливерпуль чемпион!!!
-4
FCBMESSI
2018-04-25 08:53:49
Бул жылы Бавария алат окшойт Лига Чемпионовту
-5
Kanybek121195
2018-04-25 08:54:16
Салах срочно Реалга кел.
+3
nemo2016
2018-04-25 11:31:39
Kanybek121195,эмне салахсыз реал алсызбы
-2
Rahmatovich7
2018-04-25 09:55:13
Азаматсын Салах!
+5
Aiman0303
2018-04-25 10:04:12
Мухаммед Салах Алтын бутса тобун кошуп алып койчу. Аллах колдосун сени братишка.
+4
Meni_unut
2018-04-25 10:45:51
Салахта чыныгы талант бар десе болот.Финалда буюрса Реал-Ливерпуль
+3
Rahmatovich7
2018-04-25 12:04:56
Ээ Ливерпуль финалда дегендер, жооптук оюун буткучо шайпай тургула. Барселона менен болгон биринчи оюундада, болду эми Рома ыргыды дединер эле, оз уйундо Барселонаны жер каратып жонотту. Ошондуктан эрте тон бычпай тургула. Бул Рома оз уйундо кучтуу ойногонун Барселона менен болгон оюунда коргоздуго
+3
Meni_unut
2018-04-25 13:01:19
Rahmatovich7,Бул Ливерпуль,,, Барса эмес оной жениле тургандай.
+2
Modric10
2018-04-25 17:40:11
Rahmatovich7,туура соз болду
0
murat17
2018-04-25 22:43:51
Салах менен Клопп азамат алга Ливерпуль буйурса финал Бавария Ливер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан