Кыргыз спортчулары көркөм гимнастика боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда маалымат жыйынында команданын машыктыруучусу Лилия Ильясова билдирди. Айтымында, мелдеш 24-августтан 3-сентябрга чейин Украинанын Киев шаарында өтөт. Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын намысын Айтурган Мырзакматова жана Регина Мякшева коргойт.