Бүгүн, 25-апрелде Бангладештин Дакка шаарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азия чемпиондугунда жарым финалдын алкагында Кыргыз өлкөсү Бангладеш менен беттешет.
"Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда жалпы эсепте 6 команда катышып, 2 тайпага бөлүнүшкөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында "А" тайпасынан Бангладеш жана Непал курама командалары жарым финалга аттанса, "В" тайпасынан Түркмөнстан жана Кыргыз өлкөсү аттанган.
Кыргыз волейболчулары тайпалык баскычта алгач Түркмөнстан курамасы менен кез келип, партиялар боюнча 25:23, 35:33 жана 28:26 эсебинде жеңилип калган. 2-беттеште Өзбекстан курама командасы менен кез келип, партиялар боюнча 25:18, 24:26, 19:25, 25:18 жана 15:13 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алган.