Өзбекстанда аял кызганычтан улам өзүн жана 2 баласын өрттөп жиберди

Өзбекстандык 27 жаштагы аял өзүнө жана 2 баласына күйүүчү май чачып, өрттөп жиберди. Өрттөн алган жаракатынан улам 2 баласы ооруканада каза болгон. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунун Навруз кыштагынын С.Т. аттуу тургуну 5 жана 3 жаштагы уулдарына, өзүнө күйүүчү май чачып өрттөп салган. Окуя С.Т. жарандык никеде жашаган күйөөсү менен урушуп кеткенден кийин болгон. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында аялы менен күйөөсүнүн ортосунда кызганычтан улам уруш чыккандыгы айтылган.

Балдардын денесинин 100 пайызы күйүп калгандыктан ооруканада каза болушкан. Ал эми С.Т.нын 80 пайыз денеси күйүп, оор абалда ооруканада жатканы айтылат.

Ошондой эле анын жарандык никедеги күйөөсүнүн да 15 пайыз денеси күйүп, дарыланып жатканы маалым болгон. Айыл тургундары С.Т. аттуу аялдын күйөөсү башка аял алам дегенден кийин өзүн жана балдарын өрттөгөнүн айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Kominam
2018-04-25 11:07:08
Кызганбай кал акмак, балдарда эмне куноо? Орттойм деп тородун беле?!
+12
Nuri1988Elim2010
2018-04-25 11:07:09
Ортонсон озун орттонуп оло бербейсинби?
+7
pat12
2018-04-25 11:14:26
Олгондун озунун шору.
+1
aijan.borkoshova
2018-04-25 11:21:00
Балдарда эмне күнөө ,күйөөсүн өртөбөйбү
+14
Enjela
2018-04-25 11:38:29
Тили ширин боору таш деген ушуларда, куносуз неристеде эмне
+10
TazaKyrgyz
2018-04-25 11:45:30
Кудайга тобоо!!!Кыргыз болуп торолуп Кыргызстанда жашаганыма.
0
Zainidin96
2018-04-25 11:56:23
Кызганыч деген жаман нерсе эмнелер гана болбойт кызганычтан
+6
Paprikafm
2018-04-25 12:07:33
Акмак озунду орттоп жок кылбадынбы, балдарда эмне куноо
+2
maralum93
2018-04-25 12:37:30
Баарыбызга АЛЛАХ туура жол бекем сабыр жана ыйман берсин
+6
Alixan-Nookat.2015
2018-04-25 12:57:48
Акмак балдарда эмне күнөө өзүң өлө бербейсиңби
0
amirrus
2018-04-25 13:08:56
балдарга тийишбей эле экоон бири бирини орттой бербепсинер
+4
Totyua.71.
2018-04-25 14:24:22
Күндөн күнгө Жаман кабар көбөйүүдө,б алдарын тирүүлөй өрттөгөн Адам эмес айбан экен...!!!
0
Zamka79
2018-04-25 15:19:10
Акмакчылык...
0
Crystal
2018-04-25 18:57:52
Акмак балада не күнөө эми өзүң да өлө бер
+1
gulzat91
2018-04-25 22:15:14
жин кирген го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан