Кыргыз спортчулар дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугуна даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдиришти.
Өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугу Ливандын Бейрут шаарында 10-11-май аралыгында өтмөкчү. Ага 17 өлкөдөн 157 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Бул мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшөт. Жыйындар Бишкек шаарында 23-апрелден 6-майга чейин өтмөкчү. Жыйындарга ага машыктыруучу Ислам Баялинов 13 спортчуну чакырган.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
50 килограммга чейинки салмак ченинде: Ханболот Ырысбеков, Чыңгызхан Сагыналиев;
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Мирсеит Бактыбек уулу, Адилет Аскарбеков;
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Султан Жеңишбеков, Данил Адилетов;
66 килограммга чейинки салмак ченинде: Азис Момунов, Элдияр Айбеков;
73 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурсалим Иличбек уулу;
81 килограммга чейинки салмак ченинде: Рамазан Нурланбек, Шакир Шакиров;
90 килограммга чейинки салмак ченинде: Анарбек Ишенбаев;
90 килограммдан жогорку салмак ченинде: Сыймык Жапаров;
Машыктыруучу: Эркин Ибрагимов;
Ага машыктыруучу: Ислам Баялинов.