Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 24-апрелде саат 23:00дөр чамасында Ысык-Ата районунун Буденовка айылында катталган. Анда Audi A6 үлгүсүндөгү унаа менен Audi С4 үлгүсүндөгү 2 унаа сүзүшүп алган. Натыйжада 2 унаанын айдоочулары жаракат алышкан. Ал жерге ӨКМнын куткаруучулары чакырылып, жаракат алган айдоочуларды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.