Бүгүн, 25-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 5-туру старт алат. Анда "Дордой" футболдук клубу кочкор-аталык "Нефтчини" кабыл алат.
Беттеш Бишкек шаарындагы "Дордой" спорт комплексинде орун алып, саат 16:00дө башталат. Беттешти башкы калыс Дайырбек Абдылдаев тейлемекчи.
4 турдун жыйынтыгында Бишкектин "Дордой" командасы 2 беттеште жеңишке жетип, 2 беттеште тең чыгып, 8 упай менен турнирдик жадыбалда 2-орунда жайгашууда. Ал эми "Нефтчи" командасы 7 упай менен 3-орунда келүүдө.
5-турдун беттештери 28-апрелде "Илбирс" - "Абдыш-Ата" жана "Алай" - "Алга" командаларынын беттеши менен уланып, 29-апрелде "Академия" - "Кара-Балта" беттеши менен жыйынтыкталат.
Турнирдик жадыбал